Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 22-августу № 105

 

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Аймактагы айыл тургундарын иш менен камсыз кылуу максатында жана тигүү цехтерин ачуу учурдун талабы болуп жаткандыктан,Чоң-Токой айылына 40 орундуу, Сасык-Булак айылына 50-орундуу, Кеңеш айылына 40 орундуу кийим тигүүчү цех ачууга уруксат берилсин, тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүлсүн.

3. Кара-Ой айылындагы эски от жагуучу жайдын (котельныйдын) имаратына тигүү цехин ачууга капиталдык оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү үчүн уруксат берилсин, тиешелүү иш кагаздары бүткөрүлсүн.

3.Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.

 

  

Төрага

С.Осмонов