Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 22-августу № 112

 

Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургундарынын жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургундарынын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл аймагындагы Кулун-Эмбес кичи жайлоосундагы Кулун-Эмбес суусуна кичи суу топтоочу жай куруу жагы каралсын жана изилдөөгө берилсин.

3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.

 

 

  Төрага

С.Осмонов