БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 22-августу № 114
Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын тургуну Мажиева Рахаттын жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын тургуну Мажиева Рахаттын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Мажиева Рахат 2011-жылдан бери эки бөйрөгүнөн гламокулонефрит диагнозу коюлуп, эки күндө бир гемодиализ алып келет, гемодиализ алуу үчүн колунун артериалык венасына коюлган аппарат жарабай калгандыктан операция жасатууга муктаж болуп жатат, ошондой эле онкология оорусу менен да ооруп келет, операция жасатуу жана даарылануу үчүн 150000 (жүз элүү миң ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |