Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 22-августу № 115

 

Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургуну Жаныбек кызы Мунаранын жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургуну Жаныбек кызы Мунаранын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Жаныбек кызы Мунаранын жашоо шарты начар, бир баласы инвалид, күйөсү Жунушалиев Рысбек 6-айдан бери неврология боюнча ооруп келет, медициналык текшерүүдөн өтүүгө,даарылатуу үчүн 150 000 (жүз элүү миң ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.

 

 

 Төрага

С.Осмонов