Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 22-августу № 116

 

Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын тургуну Даирова Фатиманын жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын тургуну Даирова Фатиманын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Даирова Фатиманын күйөсү Нусубалиев Чынарбек көп жылдан бери Бекмолдо айыл өкмөтундө эмгектенип келет. Сахарный диабет оорусунан улам ишемический инсульт алып калган, медициналык текшерүүдөн өтүүгө жана даарылатуу үчүн 150 000 (жүз элүү миң ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.

 

  

Төрага

С.Осмонов