Редакцияот 26.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аманбаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 12-сессиясы

2022-жылдын 26-сентябры № 1

Аманбаев айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик курултайды чакыруу жѳнүндѳ” Жарлыгын аткаруу үчүн, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесине ылайык, Аманбаев айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн курултайын ѳткѳрүү боюнча уюштуруучу комиссия курамы бекитилсин

1. Нуралиев У. М –Аманбаев айылдык кеңешинин тѳрагасы

2 Момбеков А.–комиссиянын катчысы

3. . Качиев Б – коомдук уюм

4. Онгелдиев Б –айыл башчы

5. Тургунбаев Т- айыл башчы

6. Жуманалиев У-айыл башчы

7. Биймырзаева Н- айылдык кеңештин депутаты

8. Иманалиев М – айылдык кеңештин депутаты

9. Ташибаев Т- айылдык кеңештин депутаты

10. Исламбек уулу И –айылдык кеңештин депутатаы

11. Жусуп уулу К- айылык кеңештин депутаты

2.  Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн курултайын ѳткѳрүү жана курултайга делегаттарды кѳрсѳтүү үчүн айылдардын жыйындарын жана чогулуштарын ѳткѳрүү графиги бекитилсин

Аманбаев айылы 18.10.2022-ж саат 10.00             Маданичт үйү

Ак-Жар айылы 18.10.2022-ж саат 12.00             Ак-Жар

Суулуу-Маймак айылы 17.10.2022 саат 13.00             Маданият үйү

Куру-Маймак айылы 17.10.2022 саат 11.00                         Куру-Маймак

3.  Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн курултайына 100 кандидат деп белгиленсин, анын ичинде Аманбаев айылы 50 кадидат

Ак-Жар айылы 20 кандидат

Суулуу-Маймак 25 кандидат

Куру-Маймак 5 кандидат

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б. Мураталиевага жүктѳлсүн.

 

Аманбаев айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Нуралиев У.М.