Редакцияот 22.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак  айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2022-жылдын 22-декабрындагы № 96

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн, кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө

 

Кара-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Мисиралиевдин кыш мезгилине карата даярдык көрүү маселелери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:

 

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн кыш мезгилине карата даярдыктары жана аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Кара-Булак айыл аймагынын жашоочуларын арзан көмүр менен камсыз кылуу жана сатуучу жайларды уюштуруп берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

К.Ж. Шакиров