Редакцияот 22.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак  айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2022-жылдын 22-декабрындагы № 97

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн кеңсесине кошумча имарат куруу үчүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Эрматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:

 

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн кеңсесине, дем берүүчү гранттын эсебинен курулуучу, кошумча административдик имаратка 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.

 

2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

К.Ж. Шакиров