Редакцияот 26.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

 

2022-жылдын 26-декабрындагы № 105

 

Кара-Булак айыл аймагына мүлк салыгынын түрлөрүн киргизүү жөнүндө

 

Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 024/22/03-6/4148 чыгыш катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы токтом кылат:

 

1. 2023-жылдын 1-январынан тартып салыктын төмөнкү түрлөрүнө мүлк салыгы киргизилсин:

1.    Турак жай имараттары жана жайлары;

2.    Турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлары;

3.    Үйдүн жанындагы жер, короо-жай жана багбанчылык-чарбак участоктору;

4.    Айыл чарба жерлери;

5.    Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер;

6.    Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары.

 

2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

К.Ж. Шакиров