Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын  19-апрели № 3/4

 

 

АЧМФ жерлеринин жана чабындылардын бир гектарына ижара акысынын баштапкы наркын бекитүү жөнүндө

 

Орок айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы, Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Н.Осмонбековдун АЧМФнун жерлеринин баштапкы наркын жана чабындылар боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пункттун жетекчиликке алуу менен Орок айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерлерин ижарага алуунун баштапкы баасы 6500 сом бир гектарына, чабындылар бир гектарына 1000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековго жүктөлсүн.

 

 

Орок айылдык кеңешинин төрагасы

У. Бекболотов