ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-апрели № 3/5
Жерге мунапыс боюнча берилген жер участокторунун ченемдерин бекитүү жөнүндө
Орок айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы, Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Н.Осмонбековдун АЧМФнун жерлеринен башка жерлерге мунапыс боюнча берилген жер тилкелеринин ченемдери боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пункттун жана Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен Орок айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АЧМФнун жерлеринен тышкары, ээлеп турган жер участогунун иш жүзүндөгү чектерине жараша жер участогунун өлчөмү бекитилсин. АЧМФнун жерлери 400 м2 бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековго жүктөлсүн.
Орок айылдык кеңешинин төрагасы | У. Бекболотов |