Редакцияот 02.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кичи-Кемин айылдык кеӊешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы

 

 

2024-жылдын 2-июлу № 11/1

 

Атайын жабдууларды сатып алуу (жүктөгүч) жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселелер менен танышып, жергиликтүү жашочулардын сунушун эске алып МИ Боролдой Туракжай Комуналдык Чарбасынын башчысынын Т.Д.Бейшебаевдин маалыматын угуп, талкулап, пикир алмашуудан кийин Кичи-Кемин айылдык Кеӊешинин депутаттары төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнө 5 800 000 (беш миллион сегиз жүз миң) сом өлчөмүндө атайын техниканы- жүктөгүч сатып алууга, Кемин райондук өнүктүрүү фондусунан акча каражаты суралсын.

2. Бул токтомду аткарууга алуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мамбетказиевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги Чүй- Бишкек Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Э.У.Орозбаков