Редакцияот 12.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 12-майындагы № 80/XXI-28

 

Кочкорбаев айыл аймагында маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата талаптардын эрежелерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы №597 токтому менен бектилген “Кыргыз Республикасынын калтуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абадташтыруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө”, 2023-жылдын 5-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Чүй облусунун аймагында маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата талаптардын эрежелерин бекитүү жөнүндө” №96-б буюрмасын жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 29-апрелиндеги №113-б буйругун ишке ашыруу максатында,

Кочкорбаев айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кочкорбаев айыл аймагында сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелери бекитилсин.

2. Кочкорбаев айыл өкмөтү:

- айыл аймакта сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу боюнча ушул токтом менен бекитилген эрежелерди сактоосун камсыз кылсын жана тийиштүү ишти жүргүзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Э. Токбергенов