Редакцияот 02.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кичи-Кемин айылдык кеӊешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы

 

 

2024-жылдын 2-июлу № 11/2

 

Жасалма газон менен кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселелер менен танышып, жергиликтүү жашочулардын сунушун эске алып Кичи- Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мамбетказиевдин маалыматын угуп, талкулап, пикир алмашуудан кийин Кичи-Кемин айылдык Кеӊешинин депутаттары төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айыл аймагынын Кара-Булак айылына 22м*42м жасалма газон менен кичи футбол аянтчасын курууга колдонмону берүү, жалпы колдонмонун суммасы 3 598 878 (үч миллион беш жүз токсон сегиз миң сегиз жүз жетимиш сегиз) сом өлчөмүндө,Кемин райондук өнүктүрүү фондусунан акча каражаты суралсын.

2. Бул токтомду аткарууга алуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мамбетказиевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги Чүй- Бишкек Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Э.У.Орозбаков