Редакцияот 12.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги

ХXI сессиясы

 

2024-жылдын 12-сентябры  № 21-1

Ача-Кайыңды айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө

 

1974-жылы бекитилген Ача-Кайыңды айылынын башкы планына ылайык чийилип, айрым толуктоолор киргизилгендиги тууралуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин адистери тарабынан берилген маалыматты жана түшүндүрмөнүугуп, депутаттардын талкуусунан кийинАт-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан Ача-Кайыңды айылынын башкы планы алымча-кошумчасы жана сунушталган өзгөртүүлөрдү тактоо менен бекитилсин;

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын. 

Төрага

Э. Толубаев