Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезектеги  XXIX- сессиясынын

 

2024-жылынын 18-июлунун  №34

 

““Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын Тогуз-Торо айыл аймагынын тургундарына көрсөткөн кызмат акыларын бекитүү жөнүндө”

 

Каргалык айыл өкмөтүнүн “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 8 кайрылуусун карап чыгып Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXIХ сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

          1.Каргалык айыл өкмөтүнүн “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн акылары төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

1.Айына 3 мешоктон ашпаган таштандыны жолдун боюнча чыгарып койгондорго 1 түтүнгө 150(бир жүз элүү) сом

2.Жеке юридикалык жактар үчүн 400 сом

3.Таштанды жана кык чыгаруу үчүн 1 рейс-1500 сом

4.Ассенизатор техникасынын кызмат акысы 1 рейси-3000 сом

5.Эксковатор саатына юридикалык жактарга-3000 сом, 15 күйүүчү май

6. Эксковатор саатына физикалык жактарга-2000 сом, 15 күйүүчү май

7.Водовоз 1 рейси юридикалык жактарага-3000 сом

8. Водовоз 1 рейси физикалык жактарага-3000 сом

 

           2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба, инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.

 

           3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынынрасмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин

төрагасы :

 

У. Токтожумаев