Редакцияот 19.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын

2024-жылдын 19-августу № 4

 

Күмүштак айыл аймагынын 2025-2026-2027-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө

 

Күмүштак айыл аймагынын 2025-2026-2027-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VIII сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күмүштак айыл аймагынын 2025-2026-2027-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын.

2. Долбоордогу 2025-жылга карата киреше бөлүгү 40813,3 миң сом ал эми чыгаша бөлүгү 40813,3 миң сом деп белгиленсин.

3. Долбоордогу 2026-жылга карата киреше бөлүгү 41477,8 миң сом ал эми чыгаша бөлүгү 41477,8 миң сом деп белгиленсин.

4. Долбоордогу 2027-жылга карата киреше бөлүгү 42175,0 миң сом ал эми чыгаша бөлүгү 42175,0 миң сом деп белгиленсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.