Редакцияот 13.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы

2022-жылдын 13-декабры № 28-55

Электр энергия жөнүндө

  Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетине үнөмдөлгөн акча каражатын электр энергияга которуу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарына талкууга салып

 

 

Токтом кылат:

1.Айлык акыдан үнөмдөлгөн акча каражаттан Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн электр энергияга болгон карызды жабуу үчүн 300(үч жүз ) миң сом которулуп берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу В.Умаровага жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика , жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссия төрайымы А.Мамажановага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Жакыпбеков