Редакцияот 19.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын

2024-жылдын 19-августу № 12

 

Күмүштак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айына карата бюджетинин аткарылышынын отчету жөнүндө

 

Күмүштак айылдык Кенешинин I чакырылышындагы депутаттарынын 2024-жылдын 6-мартындагы II сессиясынын №4 токтому менен кабыл алынган регламентине ылайык 5 күн мурун Күмүштак айыл өкмөтү тарабынан 2024-жылдын 6 айына карата жасаган иштери боюнча отчетунун жыйынтыгы жөнүндөгү депутаттарга кагаз түрүндө таркатылып берилген материалдарды айылдык Кенешинин депутаттары үйлөрүнөн окуп, карап чыгып таанышып, талкуулап айылдык Кенешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VIII сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күмүштак айыл өкмөт башчысынын 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгына карата жасаган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарына калтырылсын.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.