Редакцияот 19.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын

2024-жылдын 19-августу № 16

 

“Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

“Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маселесин карап чыгып талкуулап, Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VIII сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күмүштак айыл аймагына көп жылдык мээнет менен эмгектенип, айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, спорт тармагына, мектепке кошкон салымдары үчүн жана адептүүлүккө, ыймандуулукка, маданияттуулукка, тазалыкка жана ошондой эле муктаж жарандарга жардам көрсөткөндүгү үчүн төмөндөгү жарандарга “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

 

Асылбеков Рапилбек Уметбекович;

Торогельдиева Бактыкан Макишевна;

Жуманалиев Ильяс Сманалиевич;

Джумакеев Жайлообек Чаткалбекович.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

 

Мамыралиев А.