ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги 22- сессиясы
2024-жылдын 1-февралы № 2
Чолпонбай айылдык кеңешинин 2023-жылы киреше бөлүгүнөн үнөмдөлгөн каражат жөнүндө
Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айылдык кеңешинин жергиликтүү бюджетинин 2023-жылы киреше бөлүгүнөн үнөмдөлгөн 3591,6 (үч миллион беш жүз токсон бир миң алты жүз) сомдук каражат 2024-жылдын 1- кварталында ЖКХ бөлүгүнө төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:
3111 – 3591,6 – уруш залынын (бойцовый зал)курулушуна
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет комитетинин төрагасы Рамазан уулу Абайга жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Токонов |