Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезектеги 22- сессиясы

2024-жылдын 1-февралы № 6

 

Чолпонбай айылынын К-95; К-154; 155; 158 жана К- 626 контурларындагы 12,1 га жерди трансформациялоо жөнүндө

Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чымгент айылынын Адыр участкасынан К- 95 контурунан 5,5 га, Талас-Покровка унаа жолунун күн батыш тарабынан К-626 контурунан 2,4 га жана ушул эле жолдун күн чыгыш тарабында К-154; 155; 158 контурларынан 4,20 га, К-638 контурунан 0.3 га, К-639 контурунан 0.2 га, жалпы 12,6 га жер аянты жайыт жер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жер участокторунун категориясына которууга трансформациялансын .

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдатуу жагы Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы  К.Жамакеевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаты, айыл чарба жана жер маселелери боюнча комитетинин төрагасы Абдрай уулу Нуржанга жүктөлсүн.

 

 

Чолпонбай айылдык кенешинин төрагасы:

 

С. Токонов