Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезектеги 22- сессиясы

2024-жылдын 1-февралы № 9

 

Чымгент айылынын Шалтак көчөсүнүн № 1 ж дарегинен 4 сотых жерди түз сатуу жолу аркылуу сатуу жөнүндө

Кара-Буура районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чолпонбай айылынын Шалтак көчөсүнүн № 1ж дарегинен айыл тургуну Сапиев Чубак 2 (эки) сотых жерди жыгач тилүүчү цех куруп, ижарага алып иштетип жаткан жерге кошумча 2 (эки) сотых жер кошуп, жалпы 4 (төрт) сотых жер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын колдоосу менен Сапиев Чубакка түз сатуу жолу аркылуу сатылсын.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдатуу жагы Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бекетаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаты, айыл чарба жана жер маселелери боюнча комитетинин төрагасы Абдрай уулу Нуржанга жүктөлсүн.

 

 

Чолпонбай айылдык кенешинин төрагасы:

 

С. Токонов