Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезектеги 23- сессиясы

2024-жылдын 16-февралы № 1

 

Кенжебаев Чынтемирге теректерди кыйууга уруксат берүү жөнүндө

Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чолпонбай айылынын тургуну Кенжебаев Чынтемир Кадыркуловичке Чолпонбай айылынын К-845, К-846 чөйрө сызыгында жайгашкан толук жетилген 200 (эки жүз) түп теректи 24.08.2022-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде 65% - 130 (бир жүз отуз) түп теректи кыйууга уруксат берилсин.

2. 200 (эки жүз) түп теректин 35 %-70 (жетимиш) түп теректи кыйууга жана мыйзам чегинде сатууга Чолпонбай айыл өкмөтүнө уруксат берилсин.

3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жамакеевге милдеттендирилсин. 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Чолпонбай айылдык кенешинин төрагасы:

 

С. Токонов