ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги 23- сессиясы
2024-жылдын 16-февралы № 8
Чолпонбай айылынын, Чымгент XI көчөсү, №2 жана №4 дарегиндеги жерди баалоо жана сатуу жөнүндө
Айтматов районунун Чолпонбай айылынын тургуну Торокулов Илияска 49 жылга ижарага берилген жер жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айылынын тургуну Торокулов Илияска Чымгент XI көчөсү, №2 жана №4 дарегинде жайгашкан 10 (он) сотых 49 жылга ижарага берилген жер, багыты үрөн тазалоочу жана жем тартуучу жана сатуучу, май сыгуучу кампа курулуп калгандыгына байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын колдоосу менен көз карандысыз баалоочу (оценщик) чакыртылып баалансын жана ижара ээси Торокулов Илияска түз сатуу жолу аркылуу сатылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдатуу жагы мыйзам чегинде каралып. айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жамакеевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин депутаты, айыл чарба жана жер маселелери боюнча комитетинин төрагасы Абдрай уулу Нуржанга жүктөлсүн.
Чолпонбай айылдык кенешинин төрагасы: |
| С. Токонов |