ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2024-жылдын 15-марты № 4
Чолпонбай айыл аймагынын Талас-Тараз трассасынын жээгиндеги К-915 контурундагы 3 гектар жерди жашылдандыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633-катар сандуу токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндөгү“ типтүү жобонун негизинде Айтматов районун өнүктүрүү фондусунан бөлүнүүчү акча каражатын максаттуу жумшоо жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II-сессиясыаталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айтматов районун өнүктүрүү фондусу аркылуу Чолпонбай айыл аймагынын Талас-Тараз трассасынын жээгиндеги К-915 контурундагы жалпы аянты 3 гектарды түзгөн жерди жашылдандырууга 500 000 (беш жүз миң) сом долбоор тапшырууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| С. Токонов |