Редакцияот 16.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

2024-жылдын 16-майы № 1

 

Чолпонбай айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймагынан аралыгы 1 (бир) км болгон жакынкы жайыт жерлерге бак өстүрүү жана жашылдандырууга мараторий жарыялоо жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чолпонбай айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймагынан  аралыгы 1(бир) км болгон жакынкы жайыт жерлерге бак өстүрүү жана жашылдандырууга 5 жылдык мөөнөткө мараторий жарыялансын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жамакеевке жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

С. Токонов