Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бириккен Семетей айылдык кенешинин 26-чакырылышынын

1-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 6-марты № 6

 

«Кайынды» айыл өкмөтү мекемеси жана “Покровка” айыл өкмөтү

мекемесине кошулуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабырындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Семетей” айылдык кенеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Покровка»айыл өкмөтү мекемеси жана «Кайынды» айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен «Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтү» болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Семетей” айыл өкмөтү мекемесинин башчысы К.Р.Рыскуловго жүктөлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов