СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Семетей айылдык кенешинин 26-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 6-марты № 7
«Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси
айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабырындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, 2024-жылдын 7-февралындагы №52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Семетей айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун, Манас районунун, Покровка айыл аймагынын «Покровка айыл өкмөтү» мекемеси жана Талас облусунун, Манас районунун, Кайыңды айыл аймагынын «Кайыңдыайыл өкмөтү» мекемесинбириктирүү жолу менен жаңыдан «Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Семетейского айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтү» м-и.
- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот Семетейского айылного аймака".
2. Талас облусунун, Манас районунун, Покровка айыл аймагынын “Покровка айыл өкмөтү” мекемесин жана Талас облусунун, Манас районунун, Кайыңды айыл аймагынын “Кайыңды айыл өкмөтү” мекемесинин «Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин.
3. «Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин.
4. «Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас облусу Манас району Покровка айылы М.Кояшев №63 болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |