СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 8
«Кайынды» айыл өкмөтү мекемеси жана “Покровка” айыл өкмөтү
мекемесинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн бириктирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабырындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып, Семетей айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кайынды» айыл өкмөтү мекемеси жана “Покровка” айыл өкмөтү мекемеси бириктирилип, “Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп, кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу киреше жана чыгаша бөлүмдөрү бириктирилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилип, ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы (А.Сарыбаевага) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |