Редакцияот 20.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы

2024-жылдын 20-августу № 6/38

Жер тилкени ижарага берүү жөнүндө

Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылындагы Иманалиева көчөсүнүн №81/1 үйүнүн чыгыш тарабында жайгашкан муниципалдык 58 чарчы метр жер тилкесин жашылдандыруу багытында ижарага берүү үчүн Күнтуу айылынын тургуну Б.Т. Коомбаевдин арызын карап, угуп, Күнтуу айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылындагы Иманалиева көчөсүнүн №81/1 үйүнүн чыгыш тарабында жайгашкан муниципалдык 58 чарчы метр жер тилкесин жашылдандыруу багытында ижарага берүү үчүн макулдук берилсин;

2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев аталган жер тилкени ижарага берүү үчүн мыйзам чегинде иш алып барсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

Төрага

М.А. Тобоев