Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2-кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрели № 11

 

Сырттан келген малдын жайыт акысы жана айып пул төлөө жөнүндө

 

Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Абдиевдин жана жайыт комитетинин төрагасы К.Баетовдун кайрылууларын айылдык кеңеш угуп, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семетей айыл аймагына караштуу жарандардын бакчага (огород) жана үлүш жерлерине 1-марттан тартып 1-декабрга чейин мал кирүүгө тыюу салынсын.

 

2. Кирген кара малга-1000 сомдон, майда малга-500 сомдон айып пул салынсын жана келтирилген зыяндын чыгымы өзүнчө эсептелинсин.

 

3. Сырттан келген кара малга, мал башына-200 сом Сырттан келген кой, эчкиге, мал башына-40 сомдон болуп жайыт акысы бекитилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов