СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 12
Чек аранын схемалык картасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Талас облусунун Манас районунун Семетей айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Семетей айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, талкуулап Семетей айылдык кеңеши төмөндөгүдөй чечим кабыл алды;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Семетей айылдык кеңешинин төрагасына жана Семетей айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү манас райондуку мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |