Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2-кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрели № 13

Сазга мал жаюу жөнүндө

 

Покровка айылы менен Жайылган айылынын ортосундагы сазга 1-апрелден тартып 25-майга чейин малдардын кирүүсүнө тыюу салууга жана саан уйлардан тышкары кой, эчкилерди алыскы жайытка чыгаруу жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы К.Баетовдун кайрылуусун айылдык кеңеш угуп, талкуулап;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айылы менен Жайылган айылынын ортосундагы сазга 1-апрелден тартып 25-майга чейин малдардын кирүүсүнө тыюу салынсын.

 

2. Сазга саан уйларды гана жаюу уруксат берилсин.

 

3. Кой, эчкилер жана жылкылар алыскы жайытка чыгарылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов