Редакцияот 20.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы

2024-жылдын 20-августу № 6/41

Кум – шагыл карьерин ижарага берүү жөнүндө

Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы Көнөк кум -шагыл карьерин иштетүү үчүн жер тилкесин ижарага берүү үчүн Кызыл-Туу айылынын тургуну М. Пазыловдун арызын карап, талкуулап, 2024-жылдын 17-августунда С. Абдылдаева мектебинде, 19-августунда Күнтуу айыл аймагынын Исмаил, Кызыл-Туу айылынын тургундары менен өткөзүлгөн жыйындардын протоколдорунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында жайгашкан Көнөк карьердин кум – шагыл чыгуучу жер тилкесин ижарага берүү үчүн документтерин мыйзамдаштыруу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;

2. Бардык документтери мыйзамдаштырылгандан кийин “Береке-Кызыл-Туу” ЖЧК менен айылдык кеңештин отурумунда талкууланган бардык пункттары эске алуу менен келишим түзүлсүн;

3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

Төрага

М.А. Тобоев