Редакцияот 20.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы

2024-жылдын 20-августу № 6/42

“Күнтуу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Чуй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31 -бөлүгүнүн 31.3- беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата “Күнтуу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө талкуулап, 2024-жылдын 31-июлунда №4 тескеме түзүлгөн комиссиясынын протоколунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Күнтуу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин;

2. “Күнтуу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы төмөнкү жарандарга берилсин:

-          Корголдоев Т.И.- Күнтуу айылынын тургуну, жеке ишкер;

-          Толомушева А.А. – Кичи- Шалта айылынын тургуну, Аксакалдар сотунун мүчөсү;

-          Нурмамбетов З.О. – Кызыл-Туу айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты;

-          Чыныбаев Р.К.- Кызыл-Туу айылынын тургуну, Күнтуу айылдык кеңешинин депутаты;

-          Бейшеналиева У.Б.- Күнтуу айыл өкмөтүнүн экономист- статист адиси, келишимдин негизинде;

3. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

Төрага

М.А. Тобоев