СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 15
С.Сарыбаева жөнүндө
Покровка айылынын тургуну С.Сарыбаева 1-топтогу майып, 1 жумада 3 жолу гемодиализ процедурасын алып, азыркы убакта дарыланууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын тургуну С.Сарыбаева 1-топтогу майып, 1 жумада 3 жолу гемодиализ процедурасын алып, азыркы убакта дарыланууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айылынын тургуну Сарыбаева Самара Оморбековнага дарылануу үчүн жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы МК.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |