СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 17
Бала-бакча жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабырындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин жетекчиликке алып айылдык кеңеш;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурдагы Кайыңды айыл өкмөтүнүн имараты бошоп калгандыгына байланыштуу, имаратты бала-бакча кылып ачууга макулдук берилсин.
2. Манас райондук архитектура (АПУ, ИТУ) жана башка мекемелер менен мыйзамдуу иш кагаздарын алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |