Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2-кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрели № 18

Муниципалдык ишкана жөнүндө

Семетей айыл аймагына караштуу Муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө Семетей айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагында турган Муниципалдык ишкана ачылсын.

2. Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Семетей муниципалдык ишканасы” деп аталсын.

3. Муниципалдык ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптарды ишкананын түрүнө, функцияларына жана аткарган тапшырмаларына, ошондой эле ишкананын Уставында каралган ишкананын жетекчисинин укуктарына жана милдеттерине жараша айыл өкмөт башчысы дайындасын. 

4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов