Редакцияот 20.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы

2024-жылдын 20-августу № 6/43

Кичи-Шалта айылынын тургуну Карабек уулу Талгаттын арызын кароо жөнүндө

Күнтуу айыл аймагына караштуу Кичи-Шалта айылынын Калмырза көчөсү №14 үйүнүн тургуну Карабек уулу Талгаттын арызын карап чыгып, угуп, мүмкүнчүлүгү чектелген 1-топтогу майып болгондугун эске алып, Күнтуу айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Күнтуу айыл аймагына караштуу Кара-Сакал айылында “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жесирлерге, жетимдерге салынып жаткан социалдык шаарчадан турак жай бөлүнүп берилсин;

2. Ушул токтомдун аткарылышы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

М.А. Тобоев