Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу № 34

 

Милициянын аймактык пункту жөнүндө

Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Ж.Токторбаевдин, Семетей айыл аймагында жайгашкан милициянын аймактык пунктарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, милициянын кызматкерлерине шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 укук бузууларды алдын алуунун негизиндери жөнүндөгү мыйзамынын 10-берененин 2-пуктун жеткечиликке алып, талкуулап  айылдык кеңеш;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Ж.Токторбаевдин кайрылуусу канааттандырылып, Семетей айыл аймагында жайгашкан милициянын аймактык пунктун капиталдык оңдоп-түзөөгө, жаңы эмеректери, темир сейф, жылыткыч, концелярдык иш-кагаздарын, кошумча оргтехника; компьютер, сканерлүү принтер алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 600 000сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу  С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов