Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу № 36

 

Афган согушунун ардагеринин төрагасы С.Курманбаевдин

кайрылуусу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Ооган согушунун интернационалист – жоокерлердин элесине арналган Республикалык волейбол боюнча турнирине катышууга акча каражатынан жардам сурап, Манас райондук Афган согушунун ардагерлеринин төрагасы С.Курманбаевдин кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ооган согушунун интернационалист – жоокерлердин элесине арналган Республикалык волейбол боюнча турнирине катышууга жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов