Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу № 40

 

Н.Элеев жөнүндө

Покровка айылынын Алишер №35 үйүнүн тургуну Ж.Карабекованын баласы 1-группадыгы туулгандан баштап майып Н.Элеевге желмаян (электромобиль) алууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айылынын Алишев №35 үйүнүн тургуну Жылдыз Карабекованын баласы 1-группадагы туулгандан баштап майып Назарбай Элеевге желмаян (электромобиль) алууга жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов