Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу № 41

 

А.Эсенов жөнүндө

Арал айылынын Акбай көчөсүнүн №64 үйүнүн тургуну А.Эсенов боордун альвекоккозы оорусу менен ооруп, бүгүнкү күндө дарыланууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. А.Эсеновдун кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Эсенов Асылбек Оңдобековичке дарылануу үчүн материалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000сом акча каражаты бөлүнсүн.

3. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов