Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу № 42

 

Барселона футболдук клубу жөнүндө

Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 19-июлундагы №01-18/1582 чыгыш сандуу кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айылынын тургуну Керимбеков Бекназар Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Барселона” футболдук академиясына окууга өтүп, бирок контракты төлөөгө мүмкүнчүлүк жок болгондугуна байланыштуу, окуусуна жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 80 000сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов