Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу № 43

 

Кара-Арча айылынын спорт залы жөнүндө

Кара – Арча айылынын спорттук залына машыгуу үчүн тренажерлорду алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Семетей айылдык кеңешинин депутаты А.Жалиловдун кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семетей айылдык кеңешинин депутаты А.Жалиловдун кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Кара-Арча айылынын спорттук залына машыгуу үчүн тренажерлорду алуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 250 000сом акча каражаты бөлүнсүн.

3. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов