Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу № 46

Лед экран жөнүндө

Учурдагы замандын талабы, тышкы жарнактарды берүү үчүн лед (LED) экранды Манас районунун борбору Покровка айылына алып орнотуу жөнүндөгү өкмөт башчысы К.Рыскуловдун кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Учурдагы замандын талабы, тышкы жарнактарды берүү үчүн лед (LED) экранды Манас районунун борбору Покровка айылына алып орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 000 000сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов