Редакцияот 06.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу № 47

 

Интерактивдүү панелдерди алуу жөнүндө

Семетей айыл аймагында жайгашкан жалпы жана негизги орто билим берүүчү 8 мекемеге мамлекетибиздин келечеги болгон жаш муундарга заман талабына ылайык сапаттуу билим берүүнү жогорулатуу максатында, ар бир мекемеге бирден интерактивдүү панелдерди алуу жөнүндө мектеп директорлорунун кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семетей айыл аймагында жайгашкан жалпы жана негизги орто билим берүүчү 8 мекемеге мамлекетибиздин келечеги болгон жаш муундарга заман талабына ылайык сапаттуу билим берүүнү жогорулатуу максатында, ар бир мекемеге бирден интерактивдүү панелдерди алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 000 000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов