Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу № 48

 

“Эр-Манас” спорт клубунун кайрылуусу жөнүндө

Покровка айылынын “Эр-Манас” спорт клубунун  күрөш боюнча окуучу өспүрүм балдарды “Дени сак улут дени сак өлкө”  аттуу Ыссык-Көл облусунда болот турган турнирге даярдык көрүү жөнүндөгү клубдун машыктыруучусу А.Нуркуловдун кайрылуусун карап, талкуулап айылдык кеңеш;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Эр-Манас” спрот клубунун машыктыруучусу А.Нуркуловдун кайрылуусу канааттандырылсын.

2. “Дени сак улут дени сак өлкө” аттуу Ыссык-Көл облусунда болот турган турнирге даярдык көрүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов