Редакцияот 28.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

2024-жылдын 28-августу  №24/7

 

Дөбөлү  айыл  аймагынын “Сейил-Булак” участкасындагы курулуш алдындагы   жер аянттарын өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

         Дөбөлү айыл аймагынын “Сейил-Булак” участкасындагы  курулуш алдындагы  жер аянттарын өткөрүп  берүү максатында Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Дөбөлү  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

1.                Дөбөлү айыл аймагынын “Сейил-Булак” участкасындагы союз мезгилинен бери турак жай куруп жашап келген тургундарга Нарын шаарынын жараны катары турак жайларына кызыл китеп берилип калгандыгына байланыштуу курулуш алдындагы  2,68 га жер аянттарын Нарын шаарынын мэриясына өткөрүп берүүгө маакулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

Төрага

К. Субанбеков